ЖАЗЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жайык, жазык, кенен, туурасы кең, эндүү, кууш эмес. Мамбеткул жазы алаканы менен бырыштуу маңдайын ушалады (Абдумомунов). 2. сейр. Жайылган, кеңири тараган, жалпы, калың. Жазы кыргыз элинин, Жайлоосун чалып келемин («Эр Табылды»). Жайылган мал, жазы эл, Булардын жалпысы кыпчак эл деди («Олжобай менен Кишимжан»). Жанаша ырдап бирге өстүк, Жазы кыргыз тобунда (Осмонкул).